Volkswagen машине заводунда тетиктер менен иштеген робот 22 жаштагы жумушчуну кыпчып алып, темир тактага чаап өлтүргөнүн дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты. Франкфурттун түндүгүндө жайгашкан заводдо роботтор киши башкармайынча кыймылга келчү эмес.
- Бирок ал учурда роботтун пультунда эч ким болбогону аныкталды,- деп жазат The Telegraph.
Окуяны полиция териштирүүдө. Адамдын жанын набыт кылган темир аппарат өчүрүлдү.
Маалыматтарга ылайык, акыркы 30 жылдын ичинде роботтордун айынан АКШда 26 киши каза тапкан. Алгачкы курмандык Ford машине заводунда 1971-жылы болгон. Жапонияда да мындай кырсыктар 1981-жылдан тарта катталууда. (BCh)