УКМКнын басма сөз кызматынын билдиришинче, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Балыкчы шаардык сотунун судьясы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган фактыны аныктаган. Ал судья мурда да пара менен кармалган.
18-июнда Балыкчы шаардык сотунун судьясынын жардамчысынын бөлмөсүнөн 44 миң сом жана укук бузгандарды жазага тартуу боюнча жасалма административдик материалдар табылган.
Иликтөө иштеринин жыйынтыгында сот жараяндары мыйзам бузгандардын катышуусуз өткөнү, алар пара берип эркиндикте жүргөнү, сот чечимдери туурасында кабардар болбогону аныкталган.
30-июнда бул факт боюнча судьяга кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды. (AzK)