Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:59

Сезон башталбай жатып Комсомол көлүндө киши сууга чөктү


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын билдиришинче, 2-июлда эртең мененки саат 8:50дө Кара-Жыгач паркындагы Комсомол көлүндө Сокулук районунун Новопокровка айылынын 23 жаштагы тургуну Солдатбек уулу Нышанбек чөгүп кеткен.

Мындан тышкары Аламүдүн районунун Озерное айылындагы Ала-Арча көлмөсүнө 19 жаштагы Канат Жумабаев чөгүп кеткен.

Ушул эле күнү Кемин районун Чым-Коргон айылындагы суу сактагычка түшкөн эки киши каза болду. Алар бири-бирин куткарабыз деп жатып чөгүп кетишкен. Сууга чөгүп, мерт болгондордун баарын куткаруучулар алып чыгып, туугандарына өткөрүп беришти.

Кыргызстанда былтыр жай мезгилинде 57 киши сууга чөгүп кеткен. Быйыл болсо жайкы сууга түшүү сезону башталгандан бери 18 киши каза тапты.

Адистер күн катуу ысыган маалда сууга түшүүдө сак болууга, өзгөчө балдар коопсуздугуна жоопкерчиликтүү мамиле жасоого чакырат. (AzK)

XS
SM
MD
LG