Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын билдиришинче, Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 35 жаштагы аял көп жылдардан бери адамдарды “Хизб-ут Тахрир” радикалдык-экстремисттик уюмуна кирүүгө үгүттөп жүргөнү аныкталды. Ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө анын үйүнөн ондогон экстремисттик маанайдагы материалдар табылган.
Мындан тышкары иликтөө иштеринин жыйынтыгында Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жана Ош шаарында жарандарды Сирияга азгырып жөнөтүү жана экстремисттик материалдарды таратуу фактылары аныкталган. Ош облусунан Сирияга дагы беш киши чыгып кеткени белгилүү болду.
Бул күндөрү ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын кызматкерлери Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында экстремисттик көрүнүштөрдү алдын алуу, түшүндүрүү чараларын өткөрүп жатышат. (AzK)