Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:54

Ошто көп аялдуулук менен диний радикализмдин байланышы талкууланды


Жыйында Ош облусунун казысы Ниязалы Арипов көп аял алуу радикал уюмдардын ийгилигин арттырып жатканын билдирди.

“Салафизм сыяктуу диний радикал уюмдар көп аялдуулукту туу тутуп, ислам дининдеги үй-бүлө, тарбия, эркектин аял алдындагы жоопкерчилиги сыяктуу баалуулуктарды талкалап жатат. Ошол радикал уюмдар аялды толук камсыздап, балдарга билим, тарбия берүү милдеттерин аткарып жатат деп айта албайбыз”, - деди Арипов.

Жыйын соңунда ислам дини көп аял алууну эч кимге милдеттендирбегени белгиленди. Пайгамбардын акыркы хадистеринде эркек киши эч качан эки аялга бирдей мамиле кыла албастыгы, андан улам бир аял менен жашоо жакшы экени жүйө келтирилди. “Жалпы кызыкчылыктарды табуу” коомдук уюмунун демилгеси менен уюштурулган талкууга адвокаттар, укук коргоо кызматкерлери жана жергиликтүү дин кызматкерлери катышты.(YI)

XS
SM
MD
LG