Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:46

Нарында транспорт айдоого мыйзамсыз тастыктамалар берилген


УКМКнын басма сөз кызматынын кабарлашынча, Ички иштер министрлигинин медициналык кызмат башкармалыгы тарабынан Нарын облустук психоневрологиялык диспансеринде каттоодо турган жарандарга мыйзамсыз тастыктамалар (справка) берилген факты аныкталды.

Мындан улам психиатрдын каттоосунда турган жарандар мыйзамсыз түрдө транспорт айдоого жарамдуулугун көрсөткөн тастыктамаларга ээ болгон. Бул өз кезегинде аларга айдоочулук күбөлүгүн алууга шарт түзгөн.

Факт боюнча УКМКнын тергөө башкармалыгы кылмыш ишин козгоп, тергөө иштери жүрүп жатат. (AzK)

XS
SM
MD
LG