Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:32

Студент ыктыярчылар балдар үйүнө жардам берет


Бишкектеги Таш-Рабат соода борборунда 5-июль күнү SIDOK аттуу студенттик ыктыярдуу уюму кайрымдуулук жармаңкесин уюштурат. Анда кол өнөрчүлүк буюмдары сатыкка коюлуп, андан түшкөн каражаттар толугу менен Бишкектеги балдар үйлөрүнө берилет.

Май айында дагы Бишкек гуманитардык университетинин студенттери автоунаа жууй турган жайларда иштеп, тапкан акчаларын балдар үйүндөгү жетим балдарга жумшаган.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда мамлекеттик жана жеке менчик 117 балдар үйү бар. Аларда багылып жаткан балдардын саны болжол менен 11 миңден ашат. Мамлекеттик балдар үйүндө тарбияланган бир балага өкмөт ай сайын 7 миң сом бөлөт, бирок ал жашаган имаратты тейлөө, коммуналдык төлөмдөр, тарбиячылардын айлык акысына кетип, баланын өзүнө 250 сом гана жумшалат. (AzK)

XS
SM
MD
LG