Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:39

Быйыл УКМК ар тармактар боюнча 150 кылмыш ишин козгоду


Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда коррупциялык көрүнүштөргө байланыштуу кылмыш иши эң көп козголгон тармак - жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары болуп саналат.

Андан кийинки орунда 23 козголгон кылмыш иши менен укук коргоо жана күч түзүмдөрү турат. Мамлекеттик салык кызматына карата жыл башынан берки 5 айда 15 кылмыш иши козголсо, энергетика тармагында 13 кылмыш иши катталган. Кылмыш иши эң аз козголгон тармактарга сот системасы, архитектура жана курулуш, мамлекеттик мүлктү башкаруу, саламаттыкты сактоо, маданият жана туризм, агро өнөр-жай комплекси кирет. Бул тармактарда бир же эки гана кылмыш иштери козголгон.

Жалпы бардык тармактар боюнча козголгон 150 кылмыш ишинин 20сы сот органдарына жөнөтүлгөн. Алардын ичинен үч кылмыш иш боюнча айып коюлуп, алтоо тергөө маалында, ону убактылуу токтотулду. (AzK)

XS
SM
MD
LG