Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:36

Ошто аш фестивалы өттү


Ак-Буура боюндагы чайканалардын биринде уюштурулган аш фестивалы ар кандай көз караштагы адамдарды бири-бирине жакындатуу жана бири-биринин пикирин сыйлоого үйрөтүү максатында өткөрүлдү.

Бул тууралуу иш-чараны уюштурган Жалпы кызыкчылыктарды издөө уюмунун өкүлдөрү билдиришти. Аш фестивалына дин кызматкерлери, диний аялдар жамааты, шаар жаштары катышты. Үч башка чөйрө өкүлдөрүнөн куралган беш командага аштын каражаттары бөлүнүп берилди. Бардык командаларга ашын даамдуу кылып, ооз ачарга даярдоо шарты коюлду. Ар командада ар кайсы улут жана ар кайсы тармактагы адамдар биргеликте аракеттеништи. Сынак соңунда эң даамдуу аш жана салаттар сыналып, жеңүүчүлөр сыйланышты. Мындай иш-чаралар “Жалпы кызыкчылыктарды издөө” уюму тарабынан бардык облустарда өткөрүлмөкчү. (YI)

XS
SM
MD
LG