Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:28

Баткендеги Айгүлташ-Согмент жолу мыйзам бузуу менен курулган


Бул туурасында УКМКнын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, 2009-жылы Транспорт жана коммуникация министрлиги Айгүлташ-Согмент жолун куруп баштаган. Анын долбоорлоо-сметалык баасы 237,1 миллион сомду түзгөн. 2009-жылдан 2013-жылга чейин бул сумманын 114,8 миллион сому сарпталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө жол куруу мыйзам бузуулар менен коштолуп, “Кыргызжолтрансдолбоорлоо” институту даярдаган долбоордун сакталбагандыгы аныкталган. Мындан тышкары курулуш маалында техникалык көзөмөл камсыз кылынган эмес. Автожолду долбоорлоо документтери менен шайкеш келтирүү үчүн кошумча 62 миллион сом талап кылынат.

Бул факт боюнча Кылмыш кодексинин 304-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. (AzK)

XS
SM
MD
LG