Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:26

Казакстан Айдын Аимбетовду космоско учурмай болду


Айдын Аимбетов. 11-апрель 2011
Айдын Аимбетов. 11-апрель 2011

Казакстандын Коопсуздук кеңеши Айдын Аимбетов Эл аралык космостук станцияга учууга талапкер деп бекитти. Талапкер Казакстан жана Орусия президенттери ортосундагы келишимге жараша тандалганын 3-июлда расмий Астана кабарлады. Айдын Аимбетов 2007-жылы Орусиянын Юрий Гагарин атындагы Космонавттарды даярдоо борборунда даярдыктан өткөн.

Астанадагы бүгүнкү жыйында Байкоңур космодромунда “Байтерек” космостук-ракеталык комплексин куруунун жүрүшү да талкууланган. Ал “Протон” КРКсин алмаштууга тийиш. “Байтерек” КРКсин түзүү жөнүндө келишимге Астана жана Москва 2004-жылы кол коюшса да, ал дале курула элек.

XS
SM
MD
LG