Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:54

Франция Жулиан Ассанждын өтүнүчүн канааттандырган жок


Жулиан Ассанж Франциянын TF1 телеканалына Эквадордун элчиканасында интервью берүүдө. 24-июнь, 2015-жыл
Жулиан Ассанж Франциянын TF1 телеканалына Эквадордун элчиканасында интервью берүүдө. 24-июнь, 2015-жыл

Парижде 3-июлда жасалган билдирүүдө WikiLeaks сайтынын түптөөчүсүнүн мыйзамый жана материалдык абалына байланыштуу Франция өкмөтү анын саясий баш паанек берүү талабын аткара албаганы айтылат.

Швецияга экстрадиция болуудан качкан Ассанж соңку үч жылда Эквадордун Лондондогу элчиканасында жашоодо. Ал Швецияда аял зордуктады жана сексуалдык ыдык көрсөткөн деп айыпталууда. Ассанж Швеция аны АКШга өткөрүп берет деп чочуйт. АКШнын жашыруун аскердик жана дипломаттык документтерин жарыялаганы үчүн Жулиан Ассанж Кошмо Штаттарда катаал жазага тартылышы ыктымал.

XS
SM
MD
LG