Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:45

Жалал-Абадда кымыз майрамы өткөрүлөт


“Кымыз” майрамы облустун борборунда 9-июлда уюштурулат. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү “Азаттыкка” билдирди.

Иш-чара учурунда борбордук аянтка боз үйлөр тигилип, ар кыл район-шаарлардан алынып келинген кымыздын түрлөрү жармаңкеге коюлат. Анын максаты - облустагы көп улуттуу элдин өкүлдөрүнө улуттук даамдарды даңазалоо, ден соолукка пайдалуу касиети бар кыргыз кымызын жалпы элге жайылтуу болуп эсептелет. Алдыңкы кымыз жасагандарга баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар каралган. Майрамдын соңу өнөр адамдарынын концерти менен жыйынтыкталат. Жалал-Абадда мындай саамалык алгачкы жолу 2013-жылы өткөрүлгөн. (RsK)

XS
SM
MD
LG