Сириянын Идлиб провинциясындагы мечит жарылып, кеминде 25 жоочу жок кылынды. Алар “ал-Каида” террористтик уюму менен байланышы бар “ал-Нусра” тобунун мүчөлөрү экени айтылууда. Сириядагы адам укуктарына байкоо салган борбордун маалыматы боюнча, жардыруу согушкерлер ооз ачарга чогулган учурда болгон. Азырынча жоопкерчиликти эч ким ала элек. (КЕ)