Бүгүн Оштогу медицина кызматкерлери борбордук аянтта дене тарбия көнүүгүүлөрүн жасап, жапырт бий бийлешти. Иш-чара медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамына байланыштуу Ош шаардык дене тарбия комитети менен биргеликте уюштурулган. Ага облустар аралык, Ош шаардык ооруканалардын, кургак учукка каршы күрөш борборунун жана шаардагы үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун 200дөй кызматкери катышты.
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагында 80 миңден ашуун адам иштейт. 700гө жакын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу менен катар көптөгөн фельдшердик-акушердик пункттар бар.
Кыргызстанда июль айынын алгачкы жекшембисинде медицина кызматкерлеринин күнү белгиленет.(YI)