Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 02:37

Ош: Алмаз Бокушевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды


Ош облустук уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Алмаз Бокушевдин кылмыштуу тобунун мүчөсүн кармашты.

Милиция азырынча кармалган жарандын атын атай элек. Өзгөн районунда туулган жаран уурулукка айыпталып, төрт жылдан бери издөөдө жүргөн.

Учурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары 172 адам каттоодо турат. Алардын ичинен 15и издөөдө жүрөт.(YI)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG