Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:03

Ысык-Көлдө бир жаран чөгүп кетти


Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылындагы “Солнышко” пансионатында 20 жаштагы жаран сууга чөгүп кетти. Ал достору менен жээктен 30 метрдей алыста сууга түшүп жаткан. “Азаттыктын” аймактагы кабарчысынын айтымында, куткаруучулар анын өмүрүн сактай алган жок.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Суучулдар кызматынан билдиришкендей, быйыл Ысык-Көл району боюнча 30га жакын адам куткаруучулук курсун окуду. Былтыр бул убакта 92 адам аталган курсту аяктап, жайкы сезондо эс алуучу жайларда иштей баштаган.

Эрежеге ылайык, ар бир эс алуучу жайда бирден куткаруучу болушу керек. Бирок жыл сайын алардын саны жетишсиз экени айтылып келет. (AsA)

XS
SM
MD
LG