Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:11

Нарындагы жайлоо бала бакчалардын саны 23кө жетти


Быйылкы жыл жаан-чачындуу болгондугуна байланыштуу жайлоо бала бакчалары Нарында кеч ачылды. Өткөн жылы облуста 16 жайлоо бала бакчасы иштесе, быйыл алардын санын 20га жеткирүү пландалган. Бирок жергиликтүү элдин демилгеси менен азыркы учурда облуста 23 бала бакча ишке кирип, 300дөн ашык бала кабыл алынган.

Учурда Ат-Башы районунда сегиз, Ак-Талаа, Жумгал жана Нарын райондорунда төрттөн жайлоо бала бакчалары ачылса, Кочкордо үчөө ишке кирген.

Жайлоо бала бакчаларынын көчүп-конуусун жана боз үйлөрүнүн ижара акысын жайыт комитеттери менен айыл өкмөттөрү колго алышкан. Ошондой эле Нарын облустук кинодирекциясы ар бир жайлоодогу бала бакчасын кыдырып, балдарга мульфильмдерди көрсөтүүдө. (MiK)

XS
SM
MD
LG