Кыргызстандын Жарандык авиация агенттиги Евробиримдиктин “кара тизмесинен” чыгууга аракет жасап жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган агенттиктин башчысы Эркин Исаков билдирди. Анын айтымында, келерки жылдын башында Жарандык авиация боюнча эл аралык уюмдун (ИКАО) өкүлдөрү Кыргызстанга келет деп күтүлүүдө. Алар учуу коопсуздугун жана мыйзамдык базаларды текшерет. Бир айдын ичинде кыргызстандык авиакомпанияларды “кара тизмеден” чыгаруу боюнча бир чечим чыгарышы керек. Исаков учурда нормативдик, мыйзамдык базалар даярдалып жатканын кошумчалады.
- Өткөн айда Жогорку Кеңеш Аба кодексин кабыл алып берди. Бул биздин Конституция. Президент кол коёт деп күтүп жатабыз. Анын негизинде ИКАОнун эрежелерине жана иштөө принциптерине ылайык, авиакомпаниянын түзүмүн оптимизациялоо, жаңы нормативдик-укуктук актылар түзүлөт. Бул дагы “кара тизмеден” чыгуу үчүн бир кадам деп ойлойм.
Кыргызстандын жарандык авиация кызматы жана авиакомпаниялары 2006-жылдын аягында “кара тизмеге” киргизилген. Эл аралык жарандык авиация жана Евробиримдиктин өкүлдөрүнөн турган эксперттер тобу ошол мезгилде Кыргызстанда мыйзамдык база эл аралык жарандык авиациянын талаптарына туура келбегендигин, авиакомпаниялардын ишиндеги учуу коопсуздугун, авиация кызматынын ишмердүүлүгүн сындаган. (КЕ)