5-7-июлда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.
6-июлда айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден, кээ бир райондордо 9-14 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14....19, күндүз 27....32;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 12....17, күндүз 27....32;
Ош, Жалал-Абад аймактарында 16....21, күндүз 29....34;
Баткен облусунда түнкүсүн 14....19, күндүз 29....34;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10....15, күндүз 20....25;
Нарын облусунда түнкүсүн 8....13, күндүз 22....27.
6-июлда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 17…19 градус жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 30…32 градус жылуу болушу күтүлөт. (КЕ)