Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:51

60% жакын гректер кредиторлордун шартына "жок" деп добуш беришти


Премьер-министр Алексис Ципрас добуш берүүдө. 5-июль 2015
Премьер-министр Алексис Ципрас добуш берүүдө. 5-июль 2015

5-июлда Грецияда эл аралык кредитти алуунун шарты боюнча референдум өттү. Жыйынтыктоочу сурамжылоого караганда, эл аралык кредиторлордун (Европа борбордук банкы, Еврокомиссия, Эл аралык валюта фонду) Афиныга насыя берүү шартына “жок” дегендер 60% чукулдайт. GPO, Metron Analysis жана MRB уюмдары жүргүзгөн сурамжылоого караганда, “жок” деп добуш бергендер 3% көп. Бирок референдум боюнча экзит пол өткөрүлбөдү.

Эл аралык кредиторлор Афины бюджеттик чыгымдарды кыскартууга жана салыкты көбөйтүүгө көнсө гана жаңы кредитти берүүгө макул. Бирок ага көпчүлүк гректер макул эмес. Референдум солчул премьер-министр Алексис Ципрастын демилгесине ылайык өткөрүлдү. Ципрас референдумда колдоо таппаса, премьерликтен кетем деген болчу.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG