Франсуа Олланд менен Ангела Меркел бүгүн Парижде жолугуп, Грециянын экономикалык абалын талкуулайт. Алар 7-июлда Евроаймактын лидерлери менен Греция боюнча саммит өткөрүүгө чакырышууда.
Евробиримдик жана Грецияга насыя берген Эл аралык валюта фонду менен Европа борбордук банкы Афинадан салыктарды көтөрүүнү жана социалдык төлөмдөрдү азайтууну талап кылууда. Жекшембидеги референдум эл аралык кредиторлордун талабына “жок” деп айткан соң, "Жаңы демократия" партиясынын лидери, мурдагы өкмөт башчы Антонис Самарас партиянын лидерлигинен кеткенин жарыялады. Ал кредиторлордун талабын колдогон өнөктөштүктү жетектеген болчу.