“Балдардын үй-бүлөгө болгон укугун ишке ашыруу боюнча мамлекеттин саясатындагы маселелери жана жетишкендиктери” аттуу тегерек стол өттү. Анын катышуучулары балдарды кароо системасын реформалоо боюнча мамлекеттик программа иштеп чыгууну сунушташты.
Программада оор турмушта жашаган балдарды же кароосуз калган балдарды кароо үчүн үй-бүлө формасындагы багуучу структураларды колдоо жана ал боюнча кызматтарды каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү талап кылынган. Иш-чаранын жүрүшүндө резилюция кабыл алынып, анын ээлери "жетим, ата-энеден кароосуз же мүмкүнчүлүгү чектелген бала болбосун, балдар үчүн интернатта эмес, бала жөнүндө кам көргөн үй-бүлөдө же үй-бүлөнүн курчоосунда өсүшү керек" деп билдиришет.
Ошондой эле оор турмушта жашаган үй-бүлөлөр менен иштөөдө, социалдык кызматтын заманбап формаларын жана түрлөрүн киргизүү айтылган. Мындан тышкары ата-энелерге же баланы баккан адамдарга бала үй-бүлөлүк чөйрөдө өсүүсү зарыл экенин түшүндүрүү керектиги айтылган.(ZKo)