Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:33

Бишкекте Кыргызстан-Индия кызматташтыгы талкууланат

Бишкекке 12-июлда расмий сапар менен Индиянын премьер-министри Нарендра Моди келет. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен бүгүн кабарлашкандай, ал өлкө жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, саясий, соода-сатык, аймактык коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты талкуулайт.

Моди Бишкекте Махатма Гандинин бюстун орнотуу, Коргоо министрлигинин госпиталына медициналык жабдуу тапшыруу иш-чараларына, "Телемедицина" биргелешкен долбоорунун бет ачарына катышып, Тоо медицина борборунун иши менен таанышат.

Расмий сапардын жыйынтыгында коргонуу, маданият, метрология жана стандартизация, шайлоо жаатында келишимдерге кол коюлат. (RK)

XS
SM
MD
LG