"Макмалалтын" комбинатынын башчысы алмашты. Бул тууралуу бүгүн "Кыргызалтындын" жетекчиси Алмазбек Алимбеков комбинатта өткөн жыйында билдирди.
Алимбековдун айтымында, Жакшыбек Базаров үч ай сыноо менен дайындалган, андан кийин бир ай кошулуп берилген, келишимдин мөөнөтү 5-июлда бүтүп, "Кыргызалтын" аны узартпоо тууралуу чечим чыгарды.
Базаровдун ордуна Каныбек Дыйканов дайындалды. (EBM)