Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:56

Грециянын финансы министри кызматтан кетти


Янис Варуфакис
Янис Варуфакис

Грециянын финансы министри Янис Варуфакис кечээки референдумда өлкө калкынын көпчүлүгү эл аралык кредиторлордун талабына каршы добуш бергенине карабай отставкага кетерин жарыялады. Варуфакис бүгүн тараткан билдирүүсүндө премьер-министр Алексис Ципрас анын кызматтан кетиши "келишимге жетишүүгө жардам бериши мүмкүн" деп чечкендиктен ушундай кадамга барганын айтты. Ал ошондой эле бул чечимге келишим түзүүгө катышчу Евротоптун айрым өкүлдөрү менен кээ бир шериктештер анын жыйындарга катышуусун каалабай жатышы да себеп болгонун кошумчалап, 5-июль - Европанын чакан өлкөсү карыз кулчулугуна каршы турган өзгөчө күн катары тарыхта калды", - деди.

Варуфакис быйыл январда жаңы өкмөттүн курамына киргенден бери оройлугу жана медиага жеке билдирүүлөр менен чыгып турууга ышкыбоздугу менен эсте калды.

5-июлдагы референдумга расмий эсеп боюнча, добуш берүүчүлөрдүн 62 пайызы катышкан. Алардын 38 пайыздан ашыгы эл аралык кредиторлордун талабын колдосо, 61 пайыздан көбү "жок" деп жооп берген.

XS
SM
MD
LG