Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун капиталы 250 миллион долларга жетти. Жакынкы эки жылда фонддун каражаты 1 миллиард долларга жетерин “Азаттыкка” анын башкармалыгын мүчөсү Бакыт Курманбеков билдирди. Маалым болгондой фонддун кароосуна 40тан ашык долбоор келип түштү. Алардын көбү турак-жай, соода, өндүрүш, курулуш материалдарын чыгаруу, туризм жана башка тармактарга тиешелүү.
- Көпчүлүк долбоорлордун экономикалык негиздемелери так болбой, жалпы сунуш каттары чийки болгондуктан кайра иштеп чыгууну талап кылууда. Ошондуктан азыркыга чейин бир да долбоор каржылана элек, - дейт Бакыт Курманбеков.
Фонддун негизги капиталы 500 миллион долларды түзүшү керек. Бул каражат 2016-жылдын май айына чейин түшүп бүтөт деп ишендиришүүдө. (SDz)