Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:00

Ереванда полиция митингчилер тосуп алган шаардын башкы көчөсүн ачты


Армения -- Баграмян көчөсүн бошотуу. Ереван, 6-июль, 2015.
Армения -- Баграмян көчөсүн бошотуу. Ереван, 6-июль, 2015.

Бүгүн түшкө жуук полиция армян баш калаасындагы негизги Баграмян проспектисин баррикадалардан тазалады. Анын алдында полиция демонстранттарга жолду өздөрү ачуусуна 40 мүнөт убакыт берген. Нааразылык акциянын координаторлорунун бири Давид Санасарян алар мындан кийинки кадамдарын кечки жыйында аныкташарын айтып, полициядан кечки тогузга чейин убакыт сураган. Бирок армян полициясынын башчысынын орун басары Унан Погсоян митингчилерден акцияны жакын турган "Эркиндик" аянтына которуусун же Баграмян проспектисинин четинде улантуусун суранды. Демонстранттар ага көнбөй "Биз өз өлкөбүздүн кожоюнубуз!" - деген ураанды чакырып отуруп алышкан соң полиция чектеген 40 мүнөттөн кийин жолго коюлган таштанды челектерди тазалап, митингчилерди күч менен четке чыгарышты. Жол эч кандай кагылышууларсыз ачылып, андагы кыймыл калыбына келди.

Ереванда электр энергиясынын кымбатташына каршы нааразылык 19-июнда башталып, 23-июнда полиция демонстранттарды күч менен тараткан соң кайра күчөп кеткен. Ошондон тарта борбордук Баграмян көчөсү бөгөлүп, акция күн-түн дебей уланып келди.

Армян бийлиги электр тармактары компаниясына аудит жүргүзүп, бааны 16 пайызга көтөрүүнүн себептерин иликтөөгө макул болгон соң 30-июнда нааразылык акция жарым-жартылай токтоп, бирок электр тарифин көтөрүү чечимин биротоло жокко чыгаруу талабы менен митингчилердин бир тобу кала берген.

XS
SM
MD
LG