Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:16

Нарында майып аялдар ачкачылык жарыялады


Өздөрүн майып адамдардын укугун коргогон уюмдун мүчөлөрү деп тааныштырган жети аял Нарын облустук администрациясынын алдында ачкачылык жарыялашты. Акция кечки саат беште башталды. Алар өздөрү да 2-3 топто майып экендиктерин, “Үмүт кутман”, “Өмүр шамы”, “Күн чырагы”, “Насип-кайып” уюмдарында иштешерин билдиришти.

Наарызылыкка чыккандар “Кадам” реабилитациялык борборунун жетекчиси Шарапат Актанова "майыптарга деп өкмөттөн жана эл аралык уюмдар тарабынан бөлүнгөн акчаны сол чөнтөккө урганын" айтып жатышат. Ошондой эле 3-июль күнү майыптардын фестивалынын алкагында өткөн марафондун уюштуруучусу Улук Букаридинов топтолгон 90 миң сомдун отчетун бербей жатканын белгилешүүдө. Аларды облус жетекчисинин орун басары Чынара Абдраимакунова калкалап жатканын билдиришип, анын иштен кетишин талап кылышууда.

Абдраимакунова алар менен жолугушуп, маселени карап чыгууга убада берди.

Акция катышуучулары талаптары аткарылмайынча облустук администрациянын алдынан эч жакка кетпей турганын билдиришүүдө. (MiK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG