Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:53

Кабулда аялды өлтүргөндөргө сот өкүмү өзгөрүшүнө нааразылык чыкты


Бүгүн ондогон оогандар апелляциялык соттун чечимине каршы нааразылык акциясына чыкты. Ага сот Фархунданы өлтүрдү деп айыпталган төрт кишиден өлүм жазасын алып коюшу себеп болду. Нааразылар Фархунда өлтүрүлгөн чиркөөнүн жанына чогулушту.

Быйыл 19-мартта жаалданган эркектер Фархунданы Куранды өрттөдү деп күнөөлөп, тепкилеп, андан соң тирүүлөй өрттөп, дарыяга ыргытып жиберишкен. Бул окуядан соң Фархунданы өлтүргөндөрдү жазалоо талабы менен миңдеген адамдар нааразылык акциясына чыгышкан. Кыздын өлүмүнө айыпталып 49 киши кармалган, алардын төртөө өлүм жазасына кесилген. 18 адам болсо далилдер жок болгон үчүн бошотулган.

XS
SM
MD
LG