Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:13

Багдаддын бир районун аскерий учак кокусунан бомбалап алды


Андан кеминде жети киши ажал тапты. Ирактын коопсуздук күчтөрүнүн басма сөз катчысы, генерал Саад Маан кырсык "техникалык катачылыктан" болгонун билдирди. "Техникалык себептерден улам бир бомба өз маалында чыкпай, туруп калган. Учак базага кайтып келатканда ал Багдаддагы үч үйдүн үстүнө түшкөн", - деди генерал.

Кырсык бүгүн Багдаддын чыгыш бөлүгүндөгү Найриах районунда болгон.

Ирактын аскер-аба күчтөрү "Ислам мамлекети" террордук тобунун согушкерлерине каршы өнөктүккө катышууда. Бул топ негизинен Ирактын түндүк-батышындагы суннит райондорун ээлеп алган.

XS
SM
MD
LG