Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:18

Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал тынч


Баткендеги Ак-Сай чек ара аймагы. Январь, 2014-жыл
Баткендеги Ак-Сай чек ара аймагы. Январь, 2014-жыл

Бул тууралуу облустук күч кызматтарына таянып, жергиликтүү кабарчыбыз маалымдады. Анын айтуусунда, Баткенде кыргыз-тажик чек арасында болгон кечээги окуяга байланыштуу жергиликтүү чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөн. Окуя болгон аймакка кошумча милиция күчтөрү тартылып, кыргыз айылдарында абалды көзөмөлдөө үчүн күч кызматтары күчөтүлгөн тартип менен иш алып барып жатканын облустук ички иштер башкармалыгынын өкүлү Насридин Ташбалтаев “Азаттыкка” билдирди.

Ушул тапта Тажикстан тарапта каза болгон жаранды жерге берүү зыйнаты уюштурулуп жатканы айтылды.

6-июль күнү түштөн кийин кыргыз-тажик чек арасындагы Көчө-Карын аймагында Ош-Исфана чоң жолунун жээгиндеги дөңсөгө чыгып алган тажикстандык алты жаран ары-бери өткөн Кыргызстандын автоунааларына таш атышкан. Бул эки тараптын чек арачыларынын кийлигишүүсүнө чейин жетип, натыйжада тил табыша албаган чек арачылар ок чыгарышкан. Атылган октун бири таш аткан тажик жаранына тийип, ал ошол жерден жан берген болчу. Окуядан кийин эки тараптан күч кызматтары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кыргызстандын аскер прокуратурасы тарабынан иликтөө иши да башталды.(JsA/ZKo)

XS
SM
MD
LG