Кыргызстандык жарандар өздөрүнүн биометрикалык каттоодон өткөнү жана кайсы шайлоо участогуна бекитилгени тууралуу маалыматты текшере алат.Текшерүүнү shailoo.srs.kg. сайты аркылуу жүргүзүүгө болот. Сайтта “макамыңды бил” деген бөлүмгө кирип, ар бир жаран өз аты-жөнүн жазса, система анын биометрикалык каттоодон өткөнүн аныктап берет, ошондой эле бул бөлүмдө жарандар кайсы шайлоо участогунан добуш бере алышарын аныкташат.
Бул жарандарга өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен таап, тактап алуусуна мүмкүнчүлүк берүү максатында түзүлгөн.
Эгерде жаран биометрикалык каттоодон өткөн болсо, бирок ал сайтта аныкталбаса, Мамлекеттик каттоо кызматынын Түз байланыш номуруна чалып, маалыматты тактоого болот. “Түз байланыштын” номуру 0 312 87 33 33.
Мамлекеттик каттоо кызматы өздөрү тууралуу толук маалымат тапшырган жарандардын тизмесин шайлоого 50 күн калганда БШКга берет. Андан ары БШК бул тизмени участкалык шайлоо комиссияларына таратат, алар болсо шайлоочулардын тизмесин добуш берүүчү участкаларга илет. Шайлоочулардын тизмесин тактоо жараяны добуш берүүгө он күн калганда токтотулат.(ZKo)