Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:52

Караколдо 17 жаштагы кыз бычакталды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Окуя 5-июль күнү Каракол шаарындагы дүкөндөрдүн биринде болгон. Белгисиз бирөө 17 жаштагы сатуучу кызга беш жолу бычак сайып качып кеткен. Жабырлануучуга эки сааттан ашык операция жасалып, учурда абалы туруктуу. Ал эми кызды бычактаган 20-25 жаш курактагы адам экени айтылууда. Облустук милиция кылмышкерге издөө жарыялады.(AsA)

XS
SM
MD
LG