Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:06

Нарында майып аялдардын ачкачылык акциясы уланат


Бул тууралуу “Азаттыкка” мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын “Өмүр шамы” уюмунун жетекчиси Чынаркүл Иманалиева билдирди.

Анын айтуусунда, кечээ акция башталгандагы талаптар күчүндө. Нааразылыкка чыккандар “Кадам” реабилитациялык борборунун жетекчиси Шарапат Актанованы майыптарга деп өкмөттөн жана эл аралык уюмдар тарабынан бөлүнгөн акчаны өз кызыкчылыгына пайдаланган деп айыпташууда. Андан тышкары 3-июль күнү майыптар үчүн өткөрүлгөн марафондун уюштуруучусу Улук Букаридинов топтолгон 90 миң сомдун отчетун бербей жатканын айтып, буларды “калкалап жатат” деген айып менен облус жетекчисинин орун басары Чынара Абдраимакунованын иштен кетишин талап кылышууда.

Кечээ Абдраимакунова алар менен жолугушуп, маселени карап чыгууга убада берген.(ZKo;MiK)

XS
SM
MD
LG