Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:32

АКШ Орусиянын учактарын өз аймагынан кысып чыгарды


АКШнын аскерий учактары Орусиянын ТУ-95 үлгүсүндөгү бомбалоочу учактарын Аляска жана Калифорния аймактарынан кысып чыгарды. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү жергиликтүү маалымат булактары күч органдарына таянып кабарлады. Окуя 4-июлда – Американын эгемендик майрамы күнү болгон.

Маалыматтарга ылайык, Орусиянын эки учагы Аляскага, дагы экөө Калифорнияга жакын аба мейкиндигине кирген. Алар АКШ чек арасына жакындаганы менен, мыйзамдарды бузбаганы айтылууда.

Түндүк Американын абадан коргонуу уюмунун өкүлү Майлк Курачек Орусиянын аскерий учактары өткөн жылы да АКШ чек арасына жакын келгенин айтып, Кошмо Штаттар мындай учурда дароо жооп берүүгө даяр экендигин билдирди. (SE)

XS
SM
MD
LG