Улуттук госпиталда Москванын Онкология илим изилдөө институтунун окумуштуулары кыргызстандык дарыгерлер үчүн мастер-класс өтүүдө. Аталган бейтапкананын башкы дарыгери Динара Сагынбаева “Азаттыкка” билдиргендей, 6-июль күнү Орусия илимдер академиясынын мүчө корреспонденти, белгилүү врач-онколог профессор Андрей Каприн баштаган он бешке чукул адистер келип, атайын илимий конференция өткөрүштү.
Алар хирургдарга Улуттук госпиталдын базасында беш операцияны мастер-класс катары көрсөтүп, жасап беришти. 7-июлда Урология бөлүмүндө орус догдурлардын жардамы менен эки оор операция, Улуттук онкологиялык борбордо эки операция жасалат.
Герцен атындагы Москва онкологиялык илим изилдөө институту менен Улуттук госпитал ушул жылдын апрель айында кызматташтык меморандумуна кол койгон. (BCh)