Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:46

Борбор Азиядагы дин эркиндиги Ысык-Көлдө талкууланат


Борбор Азиядагы дин тутуу эркиндиги Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандан келген адистердин катышуусунда талкууланат. Жыйын 30-31-июль күндөрү Ысык-Көлдө өтөрүн аны уюштуруп жаткан “Ачык позиция” коомдук фонду “Азаттыкка” кабарлады.

Талкууда мамлекеттердеги диний кырдаал өз-өзүнчө каралып, андан соң жалпы жагдай тууралуу ойлор айтылат. Дин тутуу эркиндиги боюнча мыйзамдарга жана мамлекеттик документтерге байкоо жүргүзүлөт.

“Ачык позиция” уюму адам укуктары маселеси жана дин тутуу эркиндиги боюнча иш алып барат. Жетекчиси Дмитрий Кабак. (SE)

XS
SM
MD
LG