Каракол шаарында 8-9-июль күндөрү Ыйык Троица чиркөөсүнүн 120 жылдыгына арналган жана бир катар диний каармандардын (Кудай эне, Тихвинск иконасы) жаралган күнүнө арналган майрамдык сыйынуу жөрөлгөлөрү өтөт.
Чиркөөнүн протереи Сергий билдиргендей, ага Кыргызстандын епискобу Даниил, Тажикстандын епискобу Птирим, Өзбекстандын митрополити Викентий жана бүтүндөй Кыргызстандын епархиясынын дин кызматкерлери катышат. Иш-чара алкагында майрамдык сыйынуу, христиандардын жүрүшү болуп, конокторго концерттик программа тартууланат. Чиркөөнүн мааракесине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да чакырылган.
Ыйык Троица чиркөөсү 1895-жылы дин кызматкерлери жана орус казактары тарабынан курулган. (AsA)