Эл аралык Amnesty International уюму бир нече Балкан өлкөлөрүн Евромейкиндикке Балкан аркылуу бараткан мигранттарга карата катаал мамиле кылып жатат деп айыптады.
“Өз өлкөлөрүнөн ар кандай куугунтукка кабылып, баш паанек издеп, конфликттик аймактарды таштап чыгып кетип жаткан мигранттар, качкындар, алардын ичинде балдар ЕБге бараткан жолдо, Балкан өлкөлөрүндө бийликтер жана криминалдык топтор тарабынан катаал мамилеге жана акчасын тартып алууларга кабылып жатат” деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө. Amnesty International кабарлагандай, мигранттар жергиликтүү полицияга кеминде100 евродон ашык пара берүүгө аргасыз болушат.
Amnesty International мекемеси Сербия, Венгрия, Греция жана Македониядагы өткөн жылдын июль айынан ушул жылдын март айына чейинки мөөнөтүн иликтегенден кийин, ЕБдин миграцияны башкаруу жана баш паанек берүү системасы эффективдүү иштебей жатат деп сынга алды.
Өткөн аптада серб полициясы 29 күч органдарынын кызматкерин жаан тогуз бажы кызматкерин “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланды” деп камакка алган. Алар Венгрия менен чектешкен аймакта мигранттардан пара алган деп шектелүүдө. (ErN)