Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:36

Йеменде аба чабуулунан ондогон адам каза тапты


Йемендин Амран провинциясына жасалган аба чабуулдарынан 54 адам мерт болгон. Жергиликтүү “Саба” маалымат агенттигинин маалымдашынча, каза тапкандардын ичинде базарга келгендер, аялдар жана балдар бар.

Сауд Арабиясы баштаган чет элдик коалиция күчтөрү жасаган чабуулдан Йемендин түштүк бөлүгүндөгү мал базарда да 40 адам каза тапты. Мындан башка хуситтер байырлаган Аден жана Лаж калааларында да 30дай адам аба соккусунан көз жумду. Ошондой эле хусит куралдуу тобунун 10 мүчөсү каза болгон.

Йемендин хусит козголоңчуларынан турган "Ансар Алла" шиит кыймылы өткөн жылдын август айында аскердик чабуул жасап, Йемендин бир катар провинцияларын, анын ичинде борборун да ээлеп алган. Козголоңчулар менен бийликтер ортосунда кармаш дагы деле уланууда.

Сауд Арабиясы баштаган араб өлкөлөрүнүн коалициясы 26-марттан тарта козголоңчу - хуситтер жашаган Йемендин райондорунда аба соккуларын жасап жатат. Коалиция жүргүзүп жаткан операциянын максаты президент Абд Раббу Мансур Хадиге жана анын өкмөтүнө Йемендин бийлигин алып берүү. Аба чабуулдары башталган аралыктан бери 3 миңдей адам каза болду. (ErN)

XS
SM
MD
LG