Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:13

Президент жана бир катар аткаминерлер биометрикалык маалымат тапшыра элек


Shailoo.srs.kg cайтындагы маалымат.
Shailoo.srs.kg cайтындагы маалымат.

Мамлекеттик каттоо кызматы жарандар өзүнүн биометрикалык каттоодон өткөн же өтпөгөнүн текшере турган порталды ишке киргизди. Shailoo.srs.kg сайты аркылуу жаран өзүнүн гана эмес, башкалардын да өздүк маалыматтарын тапшырган же тапшырбаганын биле алат.

Аталган сайттын ырасташынча, мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев, Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева, ички иштер министри Мелис Турганбаев, УКМКнын төрагасы Бусурманкул Табалдиев, билим берүү жана илим министри Элвира Сариева жана бир катар аткаминерлер биометрикалык маалыматтарын тапшыра элек.

Өкмөт жарандар өздүк маалыматтарын милдеттүү тапшыруусу зарылдыгын белгилеп келет. Атуулдарга үлгү болсун деп буга чейин бийлик башындагылар биометрикалык маалыматын бергени тууралуу кабарланган эле. (SE)

XS
SM
MD
LG