Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:31

Кабулдагы НАТОнун күзөт-постуна чабуул жасалды


Кабулдагы НАТОнун конвой кызматынын күзөт-постун жанкечти автоунаасы менен сүзүп, жарылуу болду. Бийликтер кабарлагандай, автоунаанын ичинде жардыруучу заттар болгон.

Ооганстандын Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Седик Седдиги кабарлагандай, учурда кырсыктан каза болгондор белгисиз, жабыр тарткандардын саны эки-үч киши.

Бул Кабулдун Шах-Шахид районуна бир апта ичиндеги экинчи жолу жасалган чабуул. Ооган борборундагы бул аймакта чет элдик күчтөрдүн базасы жайгашкан.

Ооганстанда кеминде 9800дөй америкалык аскер бар. Алардын көбү ооган аскерлерин окутуу менен алектенсе, айрым бөлүгү согуштук аракеттерге катышып келет. (ErN)

XS
SM
MD
LG