Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:52

Нарын: фестивалдын уюштуруучусу ачкачылыкка чыккандарга жооп берди


Бүгүн өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүндө 3-июлда Нарын шаарында өткөн майыптардын фестивалынын уюштуруучусу Улук Букарадинов журналисттерге маалымат жыйын өткөрдү. Ал марафондон чогулган каражаттын колдонулушу тууралуу маалыматты көмөк көрсөткөн кишилерге гана көрсөтөрүн, башкаларга отчет бергенге негиз жок экенин билдирди.

6-июлда Нарын облустук администрациясынын жанына “Үмүт кутман”, “Өмүр шамы”, “Күн чырагы”, “Насип-кайып” уюмдарынын өкүлдөрү нааразылык акциясына чыгып, ачкачылык жарыялаган.
Алар "Нарындын өзгөчө муктаждыгы бар балдарынын ата-энелери" коомдук уюмунун жетекчиси Шарапат Актанованы майыптар үчүнг өкмөттөн жана эл аралык уюмдар тарабынан бөлүнгөн акчаны өз кызыкчылыгына пайдаланган деп айыпташууда.

Акцияга чыккандар 3-июль күнү майыптар үчүн өткөрүлгөн марафондун уюштуруучусу Улук Букаридинов топтолгон 90 миң сомдун отчетун бербей жатканын айтып, буларды “калкалап жатат” деген айып менен облус жетекчисинин орун басары Чынара Абдраимакунованын иштен кетишин да талап кылышууда.

Абдраимакунова алар менен жолугуп, маселени карап чыгууга убада берген. (MiK)

XS
SM
MD
LG