“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн партиянын соңку беш жылда жасаган иштери боюнча курган маалымат жыйынында журналисттерди эң көп кызыктырган суроо “Улуттар биримдиги” менен жакындашуу кадамы тууралуу болду.
Бир кездери Мелис Мырзакматовду "Бакиев бийлигинин куйругуна" салыштырып, азыр анын партиясы менен ымала куруп жатканы тууралуу сын маанайдагы суроо узаткан КТРКнын журналистине жооп берип жатып, башкы "атамекенчи" буларга токтолду:
- Сиз иштеп жаткан телевидениенин жетекчиси да убагында Максим Бакиевдин колунда иштеген. Илим Карыпбековго менден салам айтып барыңыз. Бакиевдин "куйруктарын" “Ата Мекенден” эмес, башка жактан издегиле. Мырзакматов бизди колдогону менен, партиябызга кошулган жок. Ал өз алдынча саясатчы.
Текебаев бийликчил КСДП партиясында да мурунку бийликтин адамдары бар экенин, Ак үйдүн жетинчи кабатында иштеп жатышканын кыйытып өттү. Ошондой эле Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын кызматтан алынышын да азыркы бийликтин катасы катары сыпаттады. (SE)