Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:41

Улуттук университетти өнүктүрүү концепциясы иштелип чыгат


Кыргыз улуттук университетин өнүктүрүү концепциясы иштелип чыкмай болду. Бул тууралуу бүгүн аталган окуу жайдан кабарлашты. Өткөн апта соңунда университеттин Окумуштуулар кеңеши жыйынга чогулуп, негизги маселелерди талкуулашты. Ректор Чынара Адамкулова башкаруу структурасын оптималдаштыруу зарылдыгын айтып, бул маселе ички жамаат менен талкууланганын кошумчалады. Жыйынтыгында КУУнун өз алдынча юридикалык жак катары иш алып барган бөлүмдөрүн реорганизациялоо чечими кабыл алынды. Мындан ары университет "Бир жож - бир юридикалык жак" принцибинин негизинде иштейт.

Чарбалык иштерден эң алгач эскилиги жетип калган лабораториялык корпусту оңдоп-түзөө керектиги айтылды.

Ошондой эле дистанттык окутуу департаментин жоюу, жаштар саясаты жана тарбия иштери боюнча департамент ачуу чечими кабыл алынды. (RK)

XS
SM
MD
LG