Бүгүн эртең менен Ош шаарынан 48 чакырым түндүк-чыгыш аймакта жер титиреди. Сейсмология станциясынын маалыматына караганда, жердин силкиниши Үч-Каптал, Түз-Бел айылдарында 2-2,5 балл болуп сезилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдын ала маалыматына караганда, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. (RK)