Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:35

Бала укугун коргоочулар президентке кайрылды


Өтө жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарына жөлөк пул чегерүү системасын өзгөртүү боюнча мыйзам тез арада ишке кириши зарыл. Бул тууралуу балдардын укугун коргогон бейөкмөт уюмдар бүгүн мамлекет башчыга жолдогон кайрылууда айтылат.

Укук коргоочулардын пикиринде, парламентте жактырылып, президентке кол коюуга жөнөтүлгөн мыйзам долбоорго кол коюлса ар бир балага ай сайын 650 сом бөлүнүп турат. "Бул, албетте, өтө аз акча. Бирок ошондой болсо да азыркы система коррупцияга жол ачып жаткандыктан аны өзгөртүү керек" деп айтылат кайрылууда.

Бала укугун коргоочулар учурда айрым өкмөт мүчөлөрү "бул мыйзамды ишке ашырууга кошумча каражат талап кылынат" деп туура эмес маалымат таратып жатканын, буга эч кандай кошумча акча керек эместигин айтышты. (RK)

XS
SM
MD
LG