Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:23

Президент Атамбаев Уфада ШКУ саммитине катышат


Президент Алмазбек Атамбаев баштаган расмий делегация Уфада өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитине катышуу үчүн Бишкектен эртең, 9-июлда жөнөп кетет. Бул тууралуу "Азаттыкка" президенттин маалымат катчысы Жанар Акаев билдирди.

Делегациянын курамында президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев да болот.

Уфадагы эки күндүк иш сапары учурунда кыргыз президенти Иран лидери Хасан Роухани, Ооганстан башчысы Ашраф Гани жана БРИКС уюмуна мүчө өлкөлөрдүн айрымдарынын жетекчилери менен жолугушат.

Бүгүн Башкыртстандын борбору Уфа шаарында ШКУ жана БРИКС уюмдарынын саммиттери башталууда. Быйыл аталган эки уюмда Орусия төрагалык кылып жатат.

Бул жолу кеңейүү планы талкуулана турган ШКУга Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан жана Тажикстан мүчө, Монголия, Индия, Иран, Пакистан жана Ооганстан байкоочу деген макамга ээ. 2014-жылы Пакистан менен Индия ШКУга кирүү туралуу арызын берген.

Ал эми эл аралык экономиканы жакшыртууну талкуулай турган БРИКСке Бразилия, Индия, Кытай, Орусия жана Түштүк Африка республикасы кирет. (RK)

XS
SM
MD
LG