Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:56

Евробиримдик Алексис Ципраска "акыркы мүмкүнчүлүк" берди


Грециянын премьер-министри Алексис Ципрас
Грециянын премьер-министри Алексис Ципрас

Европа лидерлери Грециянын премьер-министри Алексис Ципраска өлкөнү каржы кризисинен сактап калуу боюнча жаңы реформалар планын сунуштоого соңку мүмкүнчүлүк беришти.

Шейшембиде Евробиримдиктин лидерлери реформалардын планын сунуштоо мөөнөтүн 12-июлга чейин созуп, Европанын Борбордук банкын ушул мөөнөт өткөнчө грециялык банктарды нак акча менен камсыздап турууну милдеттендиришти.

Европа Кеңешинин башчысы Доналд Туск Евробиримдиктин 28 өлкөсүнө кайрылуу жасап, Брюсселдеги жыйынга катышууга чакырды.

- Бул бир эле Грециянын көйгөйү эмес, Европалык Кеңештин келечеги, - деп билдирди Франциянын президенти Франсуа Олланд.

Ал эми Германиянын канцлери Ангела Меркел Ципрас бир нече күндүн ичинде реформалардын жаңы планын даярдап чыгыш керектигин белгиледи.

5-июлда өткөн референдумда грециялык шайлоочулар бюджеттик чыгымдарды кыскартуу боюнча эл аралык кредиторлордун талабын көпчүлүк добуш менен колдогон эмес.

Бул талапка шайлоочулардын 61% көбү каршы чыгып, 39% колдогону бюллетендердин 95% саналгандан кийин айкын болду. 5-июлдагы “тарыхый” деп аталган референдумга грек шайлоочулардынын 62,5% катышкан эле.

Референдумда көпчүлүк “ооба” десе, премьер-министр Алексис Ципрастын өкмөтү бюджеттик чыгымдарды кыскартууга тийиш болчу. Бирок, көпчүлүк гректер “жок” деп добуш берип, Эл аралык валюта фонду, Европа Борбордук банкы жана Еврокомиссиянын жаңы насыя берүү шартын четке кагышты.

XS
SM
MD
LG